Эски мылтыктын бир түрү. Ак келте. Боз келте. Кара келте. Бараңдын үнү зыркырап, Келтенин үнү чыркырап («Манас»). Келтенин огу кеспеген, Бараңдың огу батпаган («Сейтек»).
Кыска, чолок, кичине. Келте бакай, төө өркөч, Жүнү таза кундуздай (Осмонкул). Көк жон, келте куйрук дөбөт карышкыр ыркырап койду (Токомбаев). Өмүрүн келте бергенби (Токтогул).